Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайненеси менен чогуу жансыз денеси табылган келиндин артында 2 кичинекей баласы калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгондордун айылдашы билдирди.
"Окуя болгон түнү үйдө каза болгон келин, кайненеси, кайын сиңдиси жана эки кичине баласы болгон. Келини менен кайненеси үйдүн ичинде өлтүрүлгөн. Ооруканада комада жаткан кызды окуянын күбөлөрү эшиктин алдынан табышыптыр. Мен алардын денелерин көрдүм баштарына туюк нерсе менен чапкан жана денелеринде электрошокердин да издери бар. Ооруканада жаткан кызга бычак да сайышыптыр. Окуя тууралуу алгач кошунасы билиптир. Ал 14-ноябрда коңшусунун эки кичинекей баласы тынбай ыйлап жатканын угуп үйүнө кирип барып анан кандуу окуя тууралуу милицияга кабар бериптир", - дейт каза болгон келиндин айылдашы.
Андан сырткары ал кылмышкерден жапа чеккен айылдаштары тоноо максатында эмес, башка себеп менен өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп ойлоп жаткандыгын, анткени алардын тоной турган деле байлыгы жок экенин айтты.
Ошондой эле ал каза болгон аял келини, кызы жана 2 кичинекей небереси менен чогуу жашагандыгын, күйөөсү мурда эле каза болуп, уулу шаарда иштеп жүргөндүгүн кабарлады.