Сотто негизги күбө "Тергөөчүнүн акыйкатсыздыгынан улам 150 миллион долларлык инвестиция Кыргызга келбей калды" дейт

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө негизги күбө, “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел ага ишти иликтеген тергөөчү Бараканов кысым көрсөтүп, Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылганын айтты.

“Бул иште кылмыш жок, алар болгону Шыкмаматовду камагылары келип жатат. Бул ишти иликтеген Бараканов мени алгач күбө катары чакырып, мени Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүрүүгө аракет кылды. Мага тергөөчү "Силердин тендериңердин кереги да жок. Сен Шыкмаматовго каршы көрсөтмө бер. Сен күбө гана болосуң" деген. Мен көнбөй койгондон кийин мени күбөдөн айыпталуучуга айлантышты. Андан сырткары ал мени 4 саат мыйзамсыз кармады. Антип кармап отургудай мен эмне кылдым? Мен бул өлкө үчүн инвестиция жасап, жумуш ордуларын түзүп жатам”, - деди Али Люксел.

Андан сырткары ал ага карата болгон кысымдардан, мыйзамсыз аракеттерден анын карыган ата-энеси жабыр тартып ооруканага түшкөнүн, аны саясий оюндарга аралаштыруунун кереги жок экенин айтты.

"Ушул тергөөчүнүн акыйкатсыздык иш-аракеттеринин айынан 150 миллион долларлык инвестиция Кыргызга келбей калды. 400 жумушчу орун жок калды. Ата-энемдин ден соолугу чың болчу, мен ушул иштерге аралашып жүргөндөн кийин ооруп ооруканага түшүштү. Мен эле эмес, үй-бүлөм жок жерден жабыр тартып жатат. Биз эмнеге Шыкмаматов үчүн жабыр тартышыбыз керек? Мындай саясий оюндарга мени аралаштырбагыла! Мен болгону мыйзам чегинде гана жашагым келет. Бул өлкөдө мен мыйзамсыз эч кандай иш жасаган эмесмин", - деп кошумчалады Германиянын жараны Али Юксел.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Boika1986
2017-11-17 11:49:06
Все власти Киргизии,они ХХХХ все аферы,воры там сидят. Одним словом закон работает только для Воров.
+1
admin_superstan
2017-11-17 11:51:54
Boika1986, кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
0
almanbetperm
2017-11-17 11:50:10
Бараканов да кысым коруп атканго жогору жактан. Же шыкмаматовду камасан орун беребиз дегенго
+3
kushtari
2017-11-17 11:58:36
Ошол аферист ууру бандиттер корупционерлердин баары бийликтегилерда кой деген кожосу жок баары колунда каалаганын кылышат акыретте жооп бересинерго
+1
islamik
2017-11-17 12:15:23
Кудайдан корккон ак иштеген адам барбы бул бийликте?
+5
Farhad.baku
2017-11-17 12:46:43
islamik,кудай жазаласын баарын кудай коруп турат элди ойлогон чондор бары ХХХХ айла кеткенде ушундай соз айтат экенсин кыргызстанды ойлогон киши барбы баары эле жеп жутсам дешет мына жеп жутсам деп журуп эки президент кыргызстанга келгенге зар болуп журушот мунун баары кудайдан оз жерин коргонго зар ошону ойлонгон киши барбы тоону сатып эми монгуну сатып кайсы бетинер менен ошол заонду кийирип атасынар ХХХХ элдин кусуру урсун ошого добуш бергендерди ХХХХ.
0
Ermekbai
2017-11-17 12:22:43
Эми эмне дешеер экен
+1
futboler
2017-11-17 15:05:52
Ermekbai,дары болсун дейт
0
Alinur96kg
2017-11-17 21:08:10
Ким деген кыргызга инвестиция келбей калыптыр? Аты жонун деле жазып койбойсунарбы.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан