Орусияда катталган жол кырсыгынан 12 киши каза болуп, 6 киши жаракат алды

Кечээ, 16-ноябрда Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында саат 17:30 чамаларында микроавтобустун жана жыгач ташып бараткан жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жергиликтүү басылмалар жазып чыккандай, кырсыктан улам 12 киши каза болуп, 6 киши жаракат алган.

"20 адамды батырган Mercedes Sprinter микроавтобусу жеке ишкерге таандык, ал Йошкар-Оладан Юрино посёлогуна бара жаткан. Жол көзөмөлдөөчү кызматкерлер Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 63-чакырымынан 65-чакырымына чейин чектөөгө алышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
no.comment
2017-11-17 11:19:14
Каза болгондордун саны 15 кишиге жетиптир
+1
kechirmeni
2017-11-17 12:08:32
Деги кыргыздар жок бекен арасында...?
+2
casperr
2017-11-17 12:41:17
Жок эле болсунчу
+3
Jigit.1982
2017-11-17 13:00:37
Айдоочусу кыргыз эмеспикен
+1
gute
2017-11-17 13:33:28
Супер кж бул суроттогу кырсык башка. Бул суротто Микроавтобус эмес эле чон автобус. Мен орустун жанылыктарынан кордум ошол кырсык болгон жердеги сурот башка. Силер туура маалыматты жайгаштыргыла да
+2
ilgizk
2017-11-17 13:49:49
gute,сүрөттүн болгон окуяга тиешеси жок ..деп жазып койчу эле булар
+2
bermet104
2017-11-17 13:50:00
gute, сүрөттүн алдында иллюстрация деп жазылып турат го. Демек окуяга тиешеси жок, жөн эле окшош сүрөт
+1
gute
2017-11-17 13:58:57
bermet104, Мен биринчи ачканда Иллюстрация деген жазуусу жок болчу демек шашпай коюп коюшкан экен. Менделе карадым жакшылап.
+1
aiko15
2017-11-17 14:17:23
Супер,кыргыздар жок бекен тактап жазып койгулачы?
+1
admin_superstan
2017-11-17 14:28:12
aiko15, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
admin_superstan
2017-11-17 14:33:23
Nazaroff1974, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер же portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
Nazaroff1974
2017-11-17 22:53:28
Ээ кой ээ.Жазбадым,койдум.Сасык саясатынар озунорго буюрсун.Коркутуп,тийгизип коюптур,тушундум.Мааакул,жазбадым силерге.



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан