Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири, мурдагы Эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев негизги күбө, “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел мурда ага каршы жалган көрсөтмө бергенин айтты. Юксел аны моюнуна алды.
“Юксел азыр көрсөтмө берип жатып "тергөөчү Бараканов мени алдап кетти" деп айтты. Буга чейин сиз мага каршы жалган көрсөтмө бергенде мен сизге "өзүң казган орго өзүң түшпө" деп айттым эле, демек, сизди да алдап кетип, азыр чындыкты айтып жатасызбы?” - деди.
Ага жооп кылып Юксел аны камап коёбуз деп коркутуп, ал мажбур болгонун айтты.
“Мага кысым жасалып, мыйзамсыз аракеттер көрүлгөн. Андай кысымдар кандай болорун жакшы билсеңиз керек. Бараканов менин аларга керегим жок экенин, бир гана Шыкмаматов керек экенин, бул иште саясий боёк бар экенин айтты”, - деди Юксел.
Ошондой эле тергөөчү Бараканов аны жактоочусунун көзүнчө "камап коём" деп коркутуп жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов "жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.