Ошто телефону менен чаап патрулдук милициянын мурдун сындырып салган мас абалындагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-ноябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя 17-ноябрга караган түнү болгон.
"Түндө патрулдук милициянын кызматкери жеңил унааны токтоткон. Айдоочу мас абалында болгон, ортодо түшүнбөстүктөр орун алып, жаңжал чыккан. Мас абалындагы айдоочу колундагы телефону менен милиция кызматкерин бетке чаап жиберген. Натыйжада милиция кызматкеринин мурду сынып ооруканага жаткырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мындан тышкары учурда аталган айдоочунун унаасы айып аянтчасына коюлуп, өзү убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, ага 234-берене (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгонун кошумчалашты.