Депутат Шыкмаматовдун иши каралып жаткан отурумда жактоочу соттон тергөөчүдөн көрсөтмө алууну өтүндү

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып жатат.

Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири, мурдагы Эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиевдин жактоочусу тергөөчү Бараканов отурумга келип көрсөтмө берүүсүн өтүндү. Тараптардын пикирин уккан соң сот Айбек Эрнис уулу аталган талапты канааттандырган жок. Ал тергөөчү Бараканов буга чейин отурумга келип көрсөтмө бергенин, экинчи жолу чакыруунун зарылдыгы жок экенин айтты.

Айта кетсек, бүгүнкү отурумда бул иштеги негизги күбө “Барат Люкс” ишканасынын жетекчиси Али Юксел тергөөчү Бараканов ага кысым көрсөтүп, Шыкмаматовго каршы жалган көрсөтмө бер дегенин, кысым менен Жусуп Иманалиевге да каршы жалган көрсөтмө бердиргенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан