Элчилик: "Орусияда катталган жол кырсыгынан каза болгон 15 адамдын ичинде Кыргыз жарандары жок"

16-ноябрдагы Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында катталган жол кырсыгында каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Мындай маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле кырсыктан каза болгондордун саны 15ке жеткендиги маалым болду.

"Орусия Федерациясындагы Марий Эл республикасынын ӨКМсынан билдиришкендей, кырсыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-ноябрда Орусиянын Йошкар-Ола–Козьмодемьянск жолунун 64-чакырымында саат 17:30 чамаларында 20 кишилик микроавтобус менен жыгач ташып бараткан жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алгачкы маалыматтарда андан 12 киши каза болгондугу айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2017-11-17 16:20:22
Ээ ошондой эле болсун. Каза болгондордун жакындарына кудайым сабыр берсин
+1
Pandora
2017-11-17 17:02:21
Ох кудайга шугур бирок баарыбир окунучтуу
0
kyrqyz
2017-11-18 22:14:15
кайсы область район толук жазып чыгарсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан