Бишкекте маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарында маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Гагарин-Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн токтой албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында маңдайынан чыккан Тойота Прогресс үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

"Натыйжада Тойотанын айдоочусу жана маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү жабыр тартып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gulzat85
2017-11-17 18:26:49
Маршруткага тушкондон да коркуп калдык го(
+3
Azatbek83
2017-11-17 18:31:37
Бийлик куноолуу!!!!
-6
jbolotov
2017-11-17 18:41:40
Azatbek83,Албетте кайсы бир денгеелде бийлик куноолуу, бизде маршруттар каалаган ылдамдыгвнда айдайт, баратып акча санайт, тел суйлошот. Ушунча адамды алып бараткандарга закон катуу болуш керек, башка олколордо оз машинанда тел менен суйлошуп корчу.
+4
Dalil
2017-11-17 18:45:44
jbolotov,100% кошулам. Картошка жүктөп бара жаткандай айдашат жолдо.
+3
gute
2017-11-17 18:43:21
Супер КЖ. Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу жонундо маалымат берип койгулачы рахмат
0
admin_superstan
2017-11-17 23:29:30
gute, саламатсызбы! https://www.super.kg/sonku_kabar/news/209514/
0
nnn.sss
2017-11-17 20:22:09
Айдоочулар жаман айдашат,отун жуктоп алгандай,кече эле 164-машруткада баратып,Советская-Кулатова кочолорунун кесилишинде оодарылып кете кала жаздадык,айдоочу алкогольдун же наркотиктердин таасири менен бараткандай сезилди чыкканда эле байкалды,сумкам оор болчу тушуп кетпей ,отуруп алгам,жеткиче кудайлап келдим.
Ото каттуу ылдамдыкта айдаганы аз келгенсип бир канча ирет жол эрежесин бузду,час пик учуру болчу маршрутта бут койорго жай жок адам толтура ,ошончо адамдын омуру ошол айдоочунун колун
0
nnn.sss
2017-11-17 20:24:47
Жоопкерчилиги жок айдоочулар толтура,номерин жаттап суротко да тартып алгам,кайсыл жака арызданса болот экен? Маршрутка 164 ,машинанын номери 702 AGM
0
abusait
2017-11-17 20:31:31
Нурсултан Абишевич Назарбаев биздин болочок президентибизди куттуктаптыр туулган куну менен. Мына адамдык мамиле чыныгы лидер. Таш менен урганды аш менен ур .
-1
tular
2017-11-17 22:56:42
мен жанынан отком жанаа
0
vangolu
2017-11-18 15:47:42
106 менен 216 маршрут аман эле болсун.
0
Marasul.gulnur
2017-11-19 11:12:29
100 маршрутка да аштан калып калгандай катуу ылдамдыкта айдайт. 148 болсо резиновая эле болуп калды. Же буларга чара коруп текшергег адам жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан