Казакстандык кыз орустардын "Serebro" тобунун жаңы курамына кабыл алынды

Казакстандын Актөбе шаарынын 19 жаштагы тургуну Татьяна Моргунова орустардын "Serebro" тобуна мүчө катары кабыл алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Татьяна буга чейин фитнестен машыктыруучу болуп эмгектенген. Кийин "Serebro" тобу жаңы солистке кастинг жарыялап жатканын угуп, өзүн сынап көрүүнү чечет. Мындан улам бир канча кыздардын ичинен өз жөндөмүн мыкты көрсөтүп, бардык суроо-талаптарга жооп берген. Ошондой эле топтун продюсери Максим Фадеевдин сынагынан ийгиликтүү өтүп, топко кабыл алынган.

"Татьяна Моргунова - топтун жаңы солисти. Бул курам 2018-жылдан тарта өз ишин баштайт. Ал эми ушул жылдын аягына чейин Полина Фаворская өзү ырдай берет", - деген Фадеев.

Белгилей кетсек, буга чейин "Serebro" тобу мурунку солисти Полина Фаворскаянын ордуна жаңы кыз издеп жатканын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2017-11-18 15:34:32
Серебронун кыздары катуу болушат
+3
Dembele84
2017-11-18 15:42:46
Серебродон Темникова кучтуу чыкты
+3
monok2001
2017-11-18 17:09:55
Олга Серябкина деле кучтуу
+2
monok2001
2017-11-18 17:57:11
Полина Фаборская менин суйуум болчу
+1
aman0296
2017-11-18 18:36:55
Азамат кыз
+2
Rasul94
2017-11-18 18:41:42
азыр элена темникова жокбу
+1
mir777
2017-11-18 19:06:39
Каз ырчылары орустарды басып кеттиго. Биздин лампочкалардын лампачкалары качан жанат экен
+6
Stervashka
2017-11-19 01:34:53
Эски топтогуларлдын макияжы женил жагымдуу го, азыркылар эмне болуп алышкан.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан