Орусиянын Пермь шаарында коркунучтуу кылмышкер, ууру изделүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары аймактык Тергөө комитетинин кызматкерине шилтеме берүү менен жазды. Изделип жаткан ууру үйүн тоноп кеткен аялдардын бирин өлтүрүп да койгон деп шектелүүдө.
Маалыматта жазылгандай, изделип жаткан кылмышкер 29 жаштагы Бурятиянын тургуну Александр Третьяков. Ал буга чейин майда, жеңил кылмыштарга күнөөлөнүп абакка түшүп бир нече убакыт мурун эле бошотулган.
Тергөө комитетинин өкүлү билдиргендей, ууру өзүнүн курмандыктары менен клубдарда, барларда, кечкисин эс алуучу жайлардан таанышып жүргөн. Ал атайын аялдардын арасынан кызуу болуп калгандары менен таанышкан. Андан соң ишенимине кирип, үйүнө узатып коюуга көндүргөн. Жабырлануучу аялдардын экөө аларга ууру жагымдуу сөздөрдү айтып, ал тургай вокалдык жөндөмүн колдонуп ырдап берген.
"Третьяковдон жабыр тартып калгандар анын жагымдуу сүйлөп, ичке аялдардыкындай үн менен ырчы Наташа Королёванын хит болгон ырларын аткарып бергенин баса белгилешти. Дагы бирөө ал жанында алып жүргөн микрофонун көрсөтүп, шоу-бизнесте ордун таап калган профессионал музыкант экенин айтканын белгиледи", - деп билдирген полиция өкүлү.
Третьяков жаңы таанышкан аялдардын үйүнө кирген соң, ал алаксып, жуунганы же башка нерсеге кеткенде тоноп алып качып кетип жүргөн. Мындай жол менен ал 3 аялды тоногон. Төртүнчүсүн тоноо учурунда кандайдыр бир себептерден өлтүрүп да койгон. Бардык кылмыш эпизоддорунда жабырлануучулардын Третьяков менен жыныстык катнашта болуу фактысы катталган эмес. Ошол себептен аны гей болушу мүмкүн дешүүдө.