Чүйдө айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен жөө адамды сүзүп алды. Жабырлануучу ошол жерде жан берген (фото)

Чүйдө оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 19:00 чамасында болгон. Анда айдоочусу Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Ысык-Ата районунун аймагындагы айланып өтүүчү жолдо жөө адамды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу, 1987-жылы туулган (эркек киши) жаран кырсык болгон жерде жан берген.

"Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып кетишкен. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2017-11-18 22:39:39
кудай сактаа
+10
voennyi88
2017-11-18 22:39:41
Жараткан Кыргыз элимди жамандыктан сактасын.Тулоо откоролучу кун сайын жол кырсыктарынан мекендештерибиз кайтыш болуп жатат.Менин агам менен апам да жол кырсыгынан курман болушкан.Мекендештерибиздин саны азайбасынчы.
+5
Daiis
2017-11-18 23:53:40
Иии 30 жаш эмне деген жаш ээ эмне деген
+2
Tima0304
2017-11-19 00:33:06
быйылкы жыл коп кырсык болуп коп аламды алып кетти жаткан жерлери жайлуу болсун.
+2
Bek_abad
2017-11-19 00:48:55
Сонку кабарга киргени журок безилдеп калдыго ((((
+3
Djal1987
2017-11-19 04:46:51
Эч ким былк этпейт го...... куноооо ар бир адамда дечи бирок, жогорку жактагылар бир чара корбойбу??????? Одно издевательство
+1
Eli.91
2017-11-19 10:31:38
Биз ал дейбиз бул дейбиз,бирок баардык нерсе бир Аллахтын буйругу менен гана болот,Аллах бешенеге жазса корбогонго Айла жок,демек баарына шугур дешибиз керек,анткени жалбыракда Аллахтын керемети менен жерге тушот,онолуу бул озубуздон кайда барбалы жолдо окула турган дубаларды окуп аман эсен жетууну тилеп анан долго чыгуу керек,бул нерсе эчкандай жогорудагылардын айыбы эмес,алар мин тартипти кучоткондо деле бешенеде болсо корбогонго Айла жок.
0
beka1207
2017-11-19 13:00:21
Eli.91,
Жараткан деле сактанганды сактайм деген экен!
Жол эрежесин сактабай,минге коюп айдап жана да мас абалында болсо олум житим коп болор?
Же кудайдын колунда деп ылдамдыка карабай жол эрежелерин сактабай айдай берелиби?
+1
Eli.91
2017-11-19 19:59:50
beka12у07,
Мен бул жерде каттуу айдасын деген жерим жок,балким айдоочу аста эле айдап бараткандыр,Ким билсин,балким астынан чыккан Адам куноолудур,туура эмес жерден откондур балким,чындыгында биз адамдар мойнубузга алышыбыз керек,биз коопсузду анча сактабайьыз,пешехоттордон отбойбуз,жол эрежелерин билбейбиз,кайсы жерден откубуз келсе кесип ото беребиз,бир эле шафиорлоду эле куноолобостон озубузда пешехоттордон отконго уйронсок боло.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан