Ысык-Көл облусунда өгөй кызын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 25-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Каракол шаарында катталган. Анда 1969-жылы туулган А.Э. 2011-жылы туулган А.Ф. аттуу өгөй кызын сабаган. Жабырлануучу кыз алган жаракатынан улам каза болгон.
Шектүүнүн айтымында, окуя болгон күнү аялы үйүндө жок болгон. 6 жаштагы өгөй кызы ыйлагандыктан чаап жиберген. Кийин кыз эс-учун жоготуп жыгылып калган. Ошондо ал "Тез жардам" чакырган. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда.