Чүйдө айдоочу унаасы менен бакты сүзүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 19-ноябрь күнү саат 13:50 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 53-чакырымында болгон. Анда айдоочу Лексус RX-300 унаасы менен жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги бир жүргүнчү "Тез жардам" кызматы аркылуу Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.