Бишкек шаарындагы Зияш Бектенов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү өрт өчүрүү кызматынын нөөмөт бөлүмүнө бүгүн, 20-ноябрда саат 11:00дөр чамасында түшкөн. Азыркы тапта өрттү өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчү 3 унаа тартылган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок.