Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин алардын катышуусу жок карап жатат

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Ага мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар келгени менен отурум Чотонов жана Текебаевдин катышуусу жок өтүүдө.
Мындан улам жактоочу Чынара Жакупбекова айыпталуучуларды сот залына алып келүүнү суранды. Жактоочу Канат Хасанов да Жакупбекованын сөзүн кубаттады.
“Шаардык сот өкүм чыгарганда Текебаевге акыркы сөз, жарыш сөз айтууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ошондуктан кесиптешимдин аларды отурумга катыштыруу боюнча өтүнүчүн мен да колдойм”, - деди Хасанов.
Сот тараптардын пикирин угуп чыгып отурумду айыпталып жаткан Текебаев жана Чотоновдун катышуусунда өткөрүү өтүнүчүн четке какты. Буга чейин Жогорку Соттун соту журналисттерге отурумду чагылдырууга уруксат бергени менен сүрөт, видеого тартууга тыюу салганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту, кийин Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишине байланышкан соттук отурумдарга журналисттерди киргизгени менен, процессти видео жана сүрөткө тартууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2017-11-20 13:00:04
Ылдыйкы сотпу жогорку сотпу бул бийлик турганда алар бошобойт жогорку сотда азыркы бийликтин сөзүн сүйлөйт. Президенттик шайлоодо Мадумаров утканда чыкмак камактан,көрөсүңөр шаардык соттун өкүмүн жогорку сот өзгөртпөйт.
+4
Patriot7
2017-11-20 13:23:09
Жогорку Сот да бай атасынан алган корсотмо боюнча иштеп жатат да...

Бул соттук процесс эмес эле ЦИРК, соттор болсо маскарапоздор......
+5
barsbek.04
2017-11-20 15:29:27
Текебаев чыгат буюрса чыныгы лидер ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан