Бишкек-Ош жолунда бензовоз кырсыкка кабылып, 40 тонна күйүүчү май төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Патрулдук милициянын маалыматына караганда, кырсык бүгүн саат 09:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымында болгон. Анда Бишкектен Ошко бараткан бензовоз жол четиндеги тосмону сүзүп, капталга кулап калган.
"Кырсыктын келип чыгуусуна айдоочунун жол кыймыл эрежесин одоно бузуп, унааны катуу ылдамдыкта айдаганы себеп болгон. Бензовоздун ичиндеги 40 тонна күйүүчү май жолго төгүлгөн. Патрулдук милиция кызматкерлери айдоочулардын коопсуздугу үчүн жолду эки жагынан жабышып, күйүүчү май төгүлгөн жерге кум себишкен. Учурда жол эки тарабынан тең ачык. Ыкчам-тергөө тобу аталган кырсык боюнча иш алып барышууда. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.