Текебаевдин жактоочусу сотто райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү сурады

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Отурумда жактоочу Канат Хасанов бул ишти кароону токтотуп, мурдагы инстанциядагы соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү сурады.

13-майда Текебаев "Супарада", ал эми Маевский Текебаевдин иш бөлмөсүндө болгон эмес. Текебаев бул күнү Конституциялык кеңешмеге кечигип келди деген карандай калп. 16-августтагы Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн, ошондой эле 2-октябрдагы Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра дыкат иликтөө үчүн тергөөгө жиберүүңүздөрдү сурайм”, - деди Хасанов.

Сот тараптардын пикирин угуп, Хасановдун өтүнүчүн ачык калтырып, ишти иликтөө учурунда кайра карай турганын айтты.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2017-11-20 15:41:18
Атамбаев кеткиче караса мурунку чечим күчүндө калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан