Чүйдө 35 жаштагы тургунду бычактоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда 35 жаштагы тургунду бычактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 17-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында аймактык ооруканага бычактан жаракат алган 35 жаштагы И.О. келип түшкөн. Анда ал Равшан аттуу адам менен уруша кетип, ал бычактап салганын айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде 34 жаштагы М.Р. аттуу Беловодское айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан