Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Отурумдун жүрүшүндө жактоочулардын өтүнүчтөрү айтылды. Жактоочу Чынара Жакупбекова райондук жана шаардык сот Текебаевдин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын кайсы тармак боюнча орун басары болгонун билбегенин айтты.
Ошондой эле ал сотто 2010-жылдагы Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн чакырып суракка алуу боюнча өтүнүч берди. Сот жактоочунун өтүнүчүн канаттандырып, ишке тиркей турганын билдирди.
Соттук коллегия өтүнүчтөр кабыл алынгандан кийин ишти иликтөөгө өткөнүн билдирип, райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн окуду.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу соттон райондук жана шаардык сот жеңил жаза чектегендигин, жаза берүүдө колдонулган мунапысты алып салууну сурады.
"Мунапыс жөнүндө мыйзам туура эмес колдонулган. Анткени мамлекеттик кызматта туруп, карасанатайлык менен пайда көрүү максатында кызмат абалынан пайдаланса ага карата мунапыс колдонулбайт”, - деди мамлекеттик айыптоочу.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.