Сузак районунда "10 жашар балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган" деп шектелген мечит кызматкери 21 жылга эркинен ажыратылды

Сузак районунда "10 жашар балага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган" деп шектелген жаран 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти Сузак райондук соту 28-сентябрда карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, кылмышка шектүү 58 жаштагы П.Г. Кылмыш-жаза кодексинин 130 (Жаш адамга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 246 (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү), 299-беренелери (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, жалпы 21 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, динге байланыштуу белгилүү бир кызматтарды ээлөө, иш жүргүзүү укугунан ажыратылган.

Аталган өкүм апелляциялык тартипте даттанылган жок жана өкүм 2017-жылдын 9-октябрында күчүнө кирип, аткарууга берилди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 18-июнунда милиция кызматкерлерине 10 жашар баланын апасы кайрылып, мечит кызматкери май айынан бери баласын зордуктап жүргөнүн айткан. Мунун негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurik903
2017-11-21 09:47:02
бул эмне деген шерменделик
Аллах жолунда журуп
0
dinara7684
2017-11-21 09:50:16
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба... Жаш балада атандын башы барбы,андан коро сойкуларга барбайсынбы эки буттуу айбан!
+3
dinara7684
2017-11-21 09:52:43
Омур бою камаса да аздык кылат
+2
TalaCSKA
2017-11-21 10:10:23
Апелляция бербегенине караганда омур бою соттолуп кетишинен коркконго .
+2
rysik79
2017-11-21 11:17:58
Бул окум аз!!!
0
kushtari
2017-11-21 11:33:18
58жаш болсо омур Бойу екенда 21жылда картайып деле бутотко
0
gute
2017-11-21 11:55:13
Бул дуйнонун жазасы эчтеке эмес тмгмл дуйнонун жазасы катуу
+2
Ayida
2017-11-21 13:19:31
Мечит кызматкери деп атат.Значит эшик шыпырган же кароолчубу айтор молдо болок тушунгуло
-3
moskoy
2017-11-21 15:22:50
Ayida,имам деп жазып чыгышкан актанмайынар башталдыбы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан