"Forbes" журналы жыл ичинде эң көп киреше тапкан айымдардын тизмесин жарыялады

Дүйнөгө белгилүү болгон "Forbes" журналы 2017-жылдын эң бай ырчы айымдарын атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, журнал атактуу ырчылардын ушул жылда тапкан кирешелерин эсептеп, эң бай ырчы айымдардын тизмесин жарыялашкан.

1. Бейонсе. Бир жылдык кирешеси 105 миллион доллар

Жыл башынан бери тапкан 105 миллион кирешеси менен Бейонсе бай айымдардын тизмесинин сап башына жайгашкан. Ушул жылы эгиз балалуу болгон ырчыга кош бойлуулук менен төрөт алдыга чыгууга жолтоо боло алган эмес. Бейонсе миллиондогон каражатты "Lemonad" альбомун сатуудан жана өткөргөн концерттеринен тапкан. 36 жаштагы ырчы айым балдарына көңүл бурууга да убакыт табылып жатканын айткан.

2. Адель. Кирешеси 69 миллион доллар

Атактуу ырчы Адель 69 миллион доллар кирешеси менен экинчи сапта жайгашкан. 29 жаштагы англиялык Аделдин ырларын азыркы тапта өзүнүн өлкөсүндө гана эмес, дүйнөдөгү музыка сүйүүчүлөр жактырып угуп жаткан кези. Быйылкы жылы Аделдин концерттери аншлаг менен өтүп натыйжасында ал жогорудагыдай киреше тапканга жетишкен.

3. Тейлор Свифттин бул жылдагы кирешеси 44 миллион доллар

Эгерде сиз Свифттин "Look What You Made Me Do" аттуу жаңы клибин көрө элек болсоңуз, анда көрүп коюңуз. Дал ушул клибинде ырчы бриллианттарга толгон ваннада жатып тартылган. Бул клип интернет булактарына чыгары менен 24 сааттын ичинде 28 миллион адам көрүп, дүйнөгө рекорд койду. Популярдуулуктун туу чокусуна жеткен Тейлордун кирешеси бул жылы 44 миллион долларды түзгөн.

4. Селин Дион. Кирешеси 42 миллион доллар

Ушул жылдын башында Селин Диондун күйөөсү жана продюсери Рене Анжелил рак оорусунан улам көз жумган. Бул оор жоготуудан көп өтпөй ал кайра сахнага кайтып келген. Селин Диондун сүйүктүү жумушу аны алаксытып, оор абалдан чыкканга гана жардам бербестен эң бай ырчылардын катарын толуктаганга түрткү болгон.

5. Женнифер Лопес бул жылы 38 миллион доллар тапкан

Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчы, актрисасына айланган Женнифер Лопес тизменин 5-сабына жайгашып бир жыл ичинде 38 миллион доллар киреше тапканга жетишкен. Ырчы бул жылы материалдык гана байлык таппастан өзүнүн сүйүктүүсү, спортчу Алекс Родригести жолуктуруп, бактылуу турмуш кечирип жаткан кези.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NIkalike
2017-11-21 12:24:50
Менин бул жылдагы кирешем 3600$
+3
Isco23
2017-11-21 12:33:58
NIkalike,биз айтпайле койойлу аа))
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-22 15:08:50
Менин кирешем 8 айда 4800$ болот экен. Эстеп эле эсептеп айтпасам ал акчанын дайыны жок а так
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан