Сирияда согушкерлердин чабуулунан 2 дзюдочу каза таап, 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Сириянын борбору Дамаск шаарында согушкерлердин миномёт менен аткылаган чабуулу уланууда. Аталган өлкөнүн бийлиги маалымдагандай согушкерлер 20-ноябрь күнү “Фейха” спорт комплексин бутага алышкан. Натыйжада дзюдо боюнча улуттук курамдын 2 мүчөсү каза тапты.
“Дамаск шаарындагы согушкерлердин чабуулунан дзюдочулар Дияуддин Бадр менен Мухаммед Ханаджи окуя болгон жерден набыт болушту. Андан тышкары 15 киши ар түрдүү жаракат алышты”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары согушкерлер ошол эле күнү Дамаск шаарындагы Орусиянын элчилигинин имаратына да кол салышкан. Снаряддын огу имараттын тосмосуна гана тийип, бактыга жараша, жаракат алгандар болгон эмес.