Чек ара кызматынын кызматкери пара алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Канаттуулар чарбасынын ассоциациясынан арыз келип түшкөн. Анда чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери өлкө аймагына кирүүчү товарлардын тиешелүү документтери жок болгону үчүн мыйзамсыз акча алышканы айтылган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында өлкө аймагына тооктун жумурткасын киргизүү үчүн чек ара кызматынын кызматкери 3,5 миң сом, ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын кызматкери 1,5 миң сом алганы аныкталган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилди", - деп айтылат маалыматта.