Ошто "4 жаштагы баланы чечинтип, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди кылган" деп шектелген жаран эки айга камалды

Ошто "4 жаштагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди кылган" деп шектелген 20 жаштагы тургун эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жери жок 1997-жылы туулган жаран кармалган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү Ош шаарындагы бала бакчанын тосмосун ашып өтүп, ойноп жүргөн эки баланын бирин алдап чакырып кармап алган. Андан соң аны чечинтип, сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди кылган. Кийин 4 жаштагы баласынын өзгөрүп калганын байкаган ата-эне 13-ноябрь күнү милицияга арыз менен кайрылган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nazgul90
2017-11-21 12:45:02
Акмактар 2 айга ганабы оздорунор балдарынар ошондой кылса эмне болмок кыйратып жазаа бергенсип Кыргызстан да милиционер лер вапше иштебейт
-3
meni_kut
2017-11-21 13:03:18
nazgul90,ушунчалык кыска ойлоносунарбы, эки айдан кийин билинет канча жылга камалганы. Ушуларга чон жаза кылбаса, балдарынды эшикке ойното албай, уйдо камап отурган заман келет.
+4
Kalemger
2017-11-21 14:13:01
nazgul90,эки айга тергөө бүткүчө эле камайт. Андан кийин анан күнөө далилденсе бир канча жылга кесилет. Ойлонуп жазсаңар ай, караңгы доордо жашагансыбай!
+4
Dembele84
2017-11-21 19:58:02
Kalemger,хахаха карангы доордо де )))
0
ludimira
2017-11-21 15:44:58
nazgul90,пидофилдер неден улам пайда болот,себеби не?
Мынча кобойду
0
kechirmeni
2017-11-21 16:24:14
ludimira,Психически оорулуу адамдар
+1
portugalia
2017-11-21 12:47:55
Эки ай эки кунго тете болуп жатпайбы?Кобуроок убакытка камалсын!
-1
islamik
2017-11-21 12:54:50
Эки ай дегени тергоо кылат фактыларды чогултат эки ай ичинде кылмышы далилденсе анан сотко ашырат анан билинет канчага камалганы.
+3
gul.gul
2017-11-21 14:25:13
Мындайларды эл алдына алып чыгып оздорун чечиндирип уруш керек эл. Анан омур бою турмо.Каттуу жаза корбосо акыркы убакта кобой зордуктоо
+2
kechirmeni
2017-11-21 14:28:51
Урматту админ кайсы садик экенин билип бере аласынарбы? Рахмат
0
asil-08
2017-11-21 14:31:06
kechirmeni,садик Балаты номер 21 кыргыз телекомдун садиги
+1
kechirmeni
2017-11-21 14:34:23
asil-08,адреси каерде
0
asil-08
2017-11-21 14:44:19
kechirmeni,адрес Алымбек Даткан фонтандын тушунда
+1
kechirmeni
2017-11-21 14:59:05
asil-08,Рахмат, Урматтуу ата энелер этият болунуздар, Кудайым балдарыбызды турлуу бардык жамандык, балээ кырсыктардан алыс кылсын!!!
+2
asil-08
2017-11-21 14:29:05
Садикти да абдан текшериш керек, бизде болгон эмес деп моюндарына албай жатышат, кимдин баласы ошол Садике барса арыз жазып заведующийге кирели чогулуш кылып ата энелерге түшүндүрүп берсин. Садикте иштегендер эч нерсе болбогондой жүрүшөт. Эч кимдин башына салбасын мындайды
+2
datkayimjan
2017-11-21 19:10:45
Тарбиячы охранник дегендер каякты карап турушуптур эле. Садиктин сыртына алып чыгып кетип анан кылыптырбы ыпластыкты. Тактап жазып чыксанар жакшы болот эле. Бардыгыбыздын эле балдарыбыз мектеп,бакчага барышат эмеспи. Кочого чыгара албай калабызбы. Канткенде мындай окуялардын алдын алабыз?
+2
Nazaralikarakulja
2017-11-21 20:38:51
Эркек кичинекей кызга зордук коргозгонбу же кыз жаш баланы алдап ишин бутургонбу эркек болсо бычыш керек башка жакшы жолу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан