15 жылга эркинен ажыратылган Райкан Төлөгөнов шаардык сотко даттануудан баш тартты

2010-жылдагы талап-тоноочулукка айыпталып 15 жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Сартбай Жайчыбеков 21-ноябрда кабарлады.

Анын билдиришинче, Төлөгөнов шаардык сотко ишенбей турганын билдирип ушундай чечимге келди.

"Шаардык сот да райондук соттун чечимин күчүндө калтырып салат деп арыздануудан баш тартып койду", - деди Жайчыбеков.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Райкан Төлөгөновду 27-октябрда 15 жылга эркинен ажыраткан. Ага 2010-жылдагы талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш иши ачылып, 2017-жылдын март айында камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidar575
2017-11-21 14:19:46
мммм дааа чындык кайда экен, издегендер ото коп!
0
abusait
2017-11-21 16:11:51
Туура айтыптыр . Шаардык сот деле ошол чечимди чыгаратда. Бекер эле нерв коротуп убакыт коротуп не кереги бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан