Чүйдө 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепчи болгон айдоочунун мас абалда экендиги айтылууда

Чүй облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда түштөн кийин саат 15:45 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын Фрунзе жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 45 жаштагы аял каза болсо, ооруканадан болжол менен 30-35 жаштагы аял жана 7 жаштагы бала жан берген.

“Жогорудагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин болжолдуу айтуусуна караганда кырсыкка себепкер болгон айдоочу мас абалында болгон. Бирок биз дагы кошумча экспертизаларды дайындаганбыз, азырынча алардын жыйынтыгы чыга элек. Азыркы тапта айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган, өзү болсо ооруканада дарыланууда. Жабырлануучулардын бири, Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасында жаткан 12 жаштагы кыздын абалы оор. Ал эми анын апасы да жеңил жаракат алып, дарыгерлер тарабынан медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган”, - дейт Тилек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2017-11-21 16:01:57
5 кишини сузгону аз келгенсип больницага жатып алдыбы. Врачтарга Милицияларга акчадан берет дагы оорулуу экен деген справканы берип коет болду мындайлар ушинтип эле кутулуп кетет
0
islamik
2017-11-21 17:28:55
Кантип эле бир суткадан бери мас экенин аныктай алышпайт. Жаш балага эле боорум ооруп кетти азыр жазасын албаса да аркы дуйнодо алсын.
0
Arlenchik
2017-11-21 18:00:49
Акмак ичип алып айдагандын балакетин алабы! дарылабай чыгарып салышпайбы олуп кетсин! уч адамдын омурун алып барып жатып алганын, ичтиби кысчу жерин кысып айдайле койбойбу, ушундай ичип алып айдап адам омурун алгандарды айдоочулук укуктан ажыратып катуу жазага тартуу керек.
0
RaHat19
2017-11-21 19:04:07
арак ичип алып милицияга тушсо машинаны алып калып озун кое бербей эшекче иштетпейби. теледен кором водитель ди кое берип жиберишет.каза болгондордун уй булоосуно терен кайгыруу менен конул айтабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан