Жактоочу: "Маевскийдин 2010-жылдын 21-декабрында Текебаев менен жолугуштум деген сөзү далилденген жок"

Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча доо арызды карап жатат. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова соттук коллегияга төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүн эмне себептен жокко чыгаруу керектигин айтып берди. Жакупбекова белгилегендей, тергөөдө, соттук териштирүүдө орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылдын 21-декабрында Текебаевдин кабинетинде болгондугу далилденген жок.

"Маевский тергөөдө 2010-жылдын 13-майында Текебаев менен анын кабинетинде жолугушканын, ага Модин жана Өмүрбек Абдрахманов катышканын айтып келген. Бирок Абдрахманов май айынын башынан июнь айына чейин АКШда болгонун айткандан кийин Маевский жолугушуу болгон күндү 21-декабрга жылдырып салды. Анда Маевский 21-декабрда Бишкек шаарына келип Модин жана өзүнүн жардамчысы Звездарев менен Текебаевдин кабинетинде жолугушканын, ага Абдрахманов күбө болгонун айткан. Бирок бул күнү Текебаев Ак Үйдөгү кызматтык кабинетинде жок болуп жатат. Ал өзүнүн туулган күнүнө байланыштуу жумушка чыккан эмес. Бул боюнча күбөлөрдүн сотто берген көрсөтмөлөрү бар", - деди Жакупбекова.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан