Бүгүн, 21-ноябрда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Жогорку Сот чечим чыгарат. Соттук коллегия жактоочулардын төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүнө эмне себептен каршы экенин уккандан кийин кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Жактоочулар Канат Хасанов, Чынара Жакупбекова жана Марат Эшперов кечээ жана бүгүн сөзгө чыгып аталган эки саясатчынын күнөөсүз экенин, аларга коюлган айыптар далилденбегенин айтып беришти.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
19-октябрда Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулган.