Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата өкүмдү күчүндө калтырды

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады. Отурумда жактоочулардын төмөнкү инстанциядагы соттордун чечими туура эмес кабыл алынгандыгы тууралуу сөздөрүн уккандан кийин соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөгө кирген. Бир нече убакыттан кийин соттук коллегия Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырганын угузду.

Өкүм күчүндө калтырылганы менен, мунапыстын негиздемеси өзгөртүлүп, мазмуну ошол бойдон калды. Тактап айтканда, өкүмдөгү "2014-жылдын 27-январындагы чыккан “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына мунапыс жөнүндө мыйзамы" деген сөздөр "2011-жылдын 19-июлундагы “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” деп алмаштырылды. Райондук соттун өкүмүндө алардын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскартылган. Тергөө абагындагы өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелип, кыскартылган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Эске салсак, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gute
2017-11-21 18:37:07
Мына сага. Дуйнолук сотко кайрылгыла эми Биздин соттордон жакшылык кутпой эле койгула. Биздин соттор кызматынан кол жууп калбайлы деп. Устудон келген буйрукту аткарып жатышат
+6
Aziyat
2017-11-21 18:39:44
Күнөөлөрү далилденбегенден кийин чыгарып коюшпайбы эми.
+8
amantur.kh
2017-11-21 18:43:39
Эх корочи аларды биротоло жок кылышатко бул бийлик
+5
taku1414
2017-11-21 18:57:36
коз каранды соттор буйрукту аткарышты
+6
kutlibek
2017-11-21 19:07:35
О Аллаhым баардыгыбыз озун ынсап, ыйман бергин.
+2
islamik
2017-11-21 19:23:59
Окум чыгаруу деген ото жоопкерчиликтуу соз. Ар бир окумуно жооп беретурган адилет чечим кабыл алыш керек. Булар кийинкисин ойлобойбу эмне же бийлик колунан такыр кетбечудой сезилеби буларга.
+2
Best.bakyt
2017-11-21 19:39:36
Текебаев кыргыз деп чын дилинен куйгон адам эле. Чындык учун эч кимден коркпой жанын сайган кыраан эле. Буркутту жорулар талаган заман болду го.
+1
abusait
2017-11-21 19:56:50
Оо бул теке камактан чыксын баарын бурчка такайт.
+2
luna.kg
2017-11-21 20:50:11
Абакта болгон учун Текебаев, шайлоо тынч отту болбосом элге кыйын эле.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан