Күбө: "Чүйдө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп, ал алган жаракатынан ошол жерден каза болду"

Ош-Бишкек унаа жолунда жөө жүргүнчүнү жеңил унаа сүзүп, ал ошол жерде алган жаракатынан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жол кырсыгы кечээ, 21-ноябрда саат 19:30дар чамасында болгон.

"Ош-Бишкек унаа жолунун Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бекитай айылындагы бөлүгүндө Төө-Ашуу тараптан келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа 50-55 жаштардагы адамды сүзүп кетти. Ал адам алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон", - дейт күбө.

Аталган окуя тууралуу Чүй облусундагы Патрулдук милиция бөлүмүнөн окуя катталганын тастыктап, каза болгон жарандын аты-жөнү такталып жатканын, унаанын айдоочусу 24 жашта экенин билдиришти.

Ошондой эле учурда керектүү экспертизалар дайындалып унаасы айып аянтчасына коюлганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Syn4y
2017-11-22 20:18:18
Жөө жургунчу деп айтылбайт
+1
almanbetperm
2017-11-22 20:59:14
Syn4y,анан пешком жургунчу десинби
+4
Syn4y
2017-11-22 21:39:07
almanbetperm,жөө адам деп эле айтылат,жургунчу деген машинанын ичинде бараткан адам
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан