Колумбия жана Венесуэланын чек арасына жакын аймактагы Ориноко дарыясында жүргүнчүлөрдү ташыган кеме чөгүп кетип 10 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Колумбия бийлиги бүгүн, 22-ноябрда маалымдаганын чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
“Чөгүп бараткан кемеден 8 адамды (арасында 1 кичинекей бала бар) куткарып калууга мүмкүнчүлүк болгон. Ал эми 10 кишинин денеси Колумбиянын жарандарды коргоо департаментинин кызматкерлери тарабынан изделүүдө”, - деп билдирди аты аталган өлкө бийлиги.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, кырсык жүргүнчү ташуучу кеме дарыядан кыймылдаткычы иштебей калган башка жер-жемиш ташуучу кемеге кез келип, ага көмөктөшүп жаткан маалда дарыянын алдындагы ташты сүзүп алгандан келип чыккан.