
Скарлетт Йоханссон - америкалык актриса жана ырчы. Көпчүлүккө "Хичкок", "Темир киши 2", "Которуунун кыйынчылыктары" тасмасындагы Шарлоттанын ролу аркылуу кеңири таанымал. Актриса бүгүн, 22-ноябрда 33 жашка толду. Мындан улам ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

- Скарлетт Йоханссон 1984-жылы 22-ноябрда Нью-Йоркто туулган. Өзүнөн 3 мүнөт эрте туулган Хантер
аттуу эгизи бар;
- 15 жашынан тарта тамеки чегет жана бул адатынан арыла албай келет;
- "Үйдө жалгыз 3" тасмасынын эпизоддук ролунда Молли аттуу кыздын ролун аткарган;
- 20 жаштагы туулган күнүн Диснейлендде, 21 жашын стриптиз барда өткөргөн;
- Канадалык актёр Райан Рейнольдско турмушка чыккан. Бирок 2 жылдан соң ажырашып кетишкен. Андан соң франциялык журналист Ромен Дориак экөө баш кошуп, 1 кыздуу болгон соң эки башка жолду тандашкан;
- Жөргөмүштөн аябай коркот;
- Кокустуктун алдын алып сумкасына дары-дармектин түрүн салып жүрөт;
- Актрисанын эриндери эркектерди гана эмес, кыздарды да суктандырып келет. Мисалы, ырчы Кэти Перри журналдардын биринен Йоханссондун эриндерин көрүп, эргүү алганын айтып келет. Анын 2008-жылы чыккан "I kissed a girl" ыры да дал ушул эргүүдөн соң жаралган. "Мен анын эриндерин көргөндө өөп алгым келген" деген ырчы бул тууралуу.
22-ноябрдын жылнаамасы.