Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча маалымат берилип жатат. Анда депутат Исхак Масалиев "Саляновдун өлүмүндө саясий мотив жок" деген ИИМдин жыйынтыгынын себептерине кызыкты.
"Сиздер кылмыш иши боюнча эч кандай маалымат бербей туруп, Саляновдун өлүмүндө саясий мотив жок деген тыянак бердиңиздер. Ушунун себептерин түшүндүрүп бериңизчи", - деп ИИМдин орун басарына кайрылды депутат.
ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров: "Биз тергөө иштеринде маркумдун жакындарынын бардык көрсөтмөлөрүн алдык. Алар кылмышкерлердин акча талап кылгандыгын айтышкан. Ошондуктан биз ага таянып, бул иште саясий мотив жок деп маалымат бергенбиз", - деди Абдыкаров.
"Силер бул кылмышты ачышыңар керек. Акыркы учурда болгон милиция кызматкерине кол салуу, депутаттын инисин атып өлтүрүү өңдүү окуялар ИИМдин ишине көлөкө түшүрөт. Жүзүңөр жарык болушу үчүн бул ишти ачышыңар керек", - деди Масалиев.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.