ӨКМ: "Бишкектеги Тарых музейинде ачык өрт катталган эмес, айнек кебез түтөгөн"

Бишкектеги Тарых музейинде ачык өрт катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Саат 11:43 чамасында өрт өчүрүүчүлөр Тарых музейине барышып, ачык өрт чыкпаганын, болгону айнек кебез (стекловата) түтөгөнүн такташкан. Бизге маалымат саат 11:36да ошол жерден өтүп бараткан күбөдөн келип түшкөн. Жабыркагандар жок. Өрт өчүрүүчү унаалар ордуна кайтып келишти", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги Тарых музейинде өрт чыкканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан