Президенттик кортежди коштогон унаа УКМКнын кызматкери айдап баратканда кырсыкка кабылганы белгилүү болду

16-ноябрь күнү саат 08:30 чамаларында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Chevrolet Suburban жана Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Унаалардын бири Chevrolet Suburban президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа болгон.

Аны ошол учурда УКМКнын 27 жаштагы кызматкери айдап баратканын Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Таалай Бугубаев SUPER.KG'ге 22-ноябрда билдирди. Анын айтымында, ал унааны техникалык кароодон өткөрүп, резиденцияга алып бараткан.

"УКМКнын кызматкери унааны "Ак-Жол" гаражынан техникалык кароодон өткөрүп, андан кийин "Ала-Арча" резиденциясына айдап баратканда Land Cruiser Prado унаасы менен кагышкан. Ал эч кимди коштоп бараткан эмес, жалгыз гана өзү болгон. Кырсыктан эки унаадан тең эч ким жаракат алган эмес. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, териштирилип жатат", - деди Бугубаев.

Ал эми кырсыкка кабылган экинчи унааны аял башкарып бараткан. Унаа ичинде айдоочу аялдын апасы да болгон. Ал айрым маалыматтарга караганда, кырсыкка катышкан унаанын ээси окуяга президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа айыптуу экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2017-11-22 13:27:37
Бул окуянын болгону качан эмдигиче териштирише элекпи. Байкуш карапайым эл эле кыйналат. Аялдын мойнуна илели деп жатышатта
+8
Muratmipa
2017-11-22 13:40:27
gute,айдаган машинесине караганда аял деле жонокой аял эмес
+5
cfif03748
2017-11-22 20:35:16
Muratmipa,Ким билет?балким бир жепжутаттын токолудур?
0
Nibiru.
2017-11-22 21:38:41
Жол кырсыгы президенттин машинесине чейин жеткен экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан