Баткенде бир үйдү 2 ирет карактоого шектелип бир туугандар кармалды

22-ноябрга караган түнү саат 2де Баткен районунун Боз-Адыр айылында бейтааныш 2 адам жергиликтүү тургундардын биринин үйүн карактоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, бейтааныш 2 адам үй ээлери уктап жаткан маалда карактоо үчүн дарбазадан ашып түшкөн. Дабыштан улам ойгонуп кеткен үй ээлеринин бетине газ баллондон көздү ачыштыруучу затты чачып жиберишкен. Андан соң кылмышкердин бири колу менен үйдүн кожейкесинин оозун жаап, кыйкырбоону талап кылган. Ошол маалда ачууланган үйдүн кожоюну аларга каршылык көрсөтүп баштаганда кылмышкерлер изин жашырууга аргасыз болушкан.

Окуя болгон жерге барышкан Баткен ОИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери далил буюм катары тапанча, бет кап, рюкзак, аркан, фонарик жана 3 даана көздү ачыштыруучу газ баллонун табышкан. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмыштын изи сууй электе карактоого шектүүлөр кармалышкан. Кылмышка шектүүлөр Кара-Кулжа районунун тургундары, 1988-жылы туулган К.И. жана 1990-жылы туулган К.М. аттуу бир туугандар болуп чыгышкан.

“Бул окуя боюнча “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө учурунда кылмышка шектүүлөрдүн буга чейин жасаган дагы бир көмүскөдө калган кылмышынын бети ачылды. Алар ушул жылдын сентябрь айында так ушул үйгө киришип, 40 миллион өзбек сумун (350 миң сомго чукул) уурдап кетишкен экен. Ал боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголду. Арадан 2 ай убакыт өткөн соң алар көнгөн адатынча кайра эле ушул үйгө экинчи ирет келишкен”, - деп билдирди Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан