Бишкекте дүкөндүн чатыры күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн саат 17:55 чамасында келип түшкөн. Анда Үмөталиев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн чатыры күйүп жатканы айтылган. Тилсиз жоо катталган жерде 1 өрт өчүрүүчү унаа чыгып кетти.
Кошумча маалымат берилет.