Москва шаарында батирлеп жүргөн мигранттардын үстүнө квартирант катары кирип, 2-3 күндөн кийин чогуу жашаган квартиранттардын баалуу буюм, телефон жана ноутбуктарын уурдап кетип жаткан адамдар изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев билдирди.
"Беговая метросунда жайгашкан батирлердин биринен өзүн Элдияр Асаналиев деп тааныштырган 28 жаштагы Кыргыз жараны бөлмө ижарага алып, 2 күн жашаган соң батирдеги чогуу жашаган жердештеринин баалу буюм, телефон, ноутбуктарын сбербанк карточкаларын уурдап, изин жашырып кеткен. Аталган жаран Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынан болорун айткан. Бул жаран жогорудагыдай жолдор менен башка кыргыздардын дагы батирлерине кирип, уурулук кылып жүрүшү да мүмкүн. Эгерде аны сүрөттөн тааныгандар болсо Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнө же +79685008070 телефон номерине байланышып коюшуңуздарды өтүнөбүз жана сак болууга чакырабыз", - дейт Алиев.