Ош облусунда урушуп жаткан кудаларды ажыратмакчы болгон небереси денесинен жаракат алды

Кечээ, 21-ноябрь күнү Ноокат РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1961-жылы туулган С.К. аттуу Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча арыз ээси өз арызында 2017-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында 2006-жылы туулган С.А. аттуу небересин Сапар аттуу атуул ур-токмокко алып, денесине залал келтиргендигин жазган.

"Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, төмөнкүлөр аныкталган. Сабалды делген баланын ата-энеси өз ара пикир келишпестиктерден улам эки башка жашап жатышкандыгына байланыштуу чоң атасынын үйүндө жашап жаткан. Ошол күнү таенеси келип, “неберемди алып кетем” дегенине байланыштуу 2 куданын ортосунда пикир келишпестик жаралат. Ошол учурда небереси аларды ажыратуу үчүн чуркап баратып жерге жыгылып кеткен. Натыйжада денесинен алган жаракатынан улам ооруканага кайрылган. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, - дейт Ош ОИИББинин басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ludimira
2017-11-22 20:05:39
Эки доо урушса ортодо чымын не болот эле,шо болуптур да
-7
General.kg
2017-11-22 20:19:26
Мындай майда-чүйдө жаңылыкты каяктан эле табасыңар?
+22
sely
2017-11-22 22:04:36
Балага зыяны тийип жатат улуулардын кылыктары
+3
Joldoshbek1968
2017-11-23 10:34:03
кудалар ынтымактуу болгула
+2
admin_superstan
2017-11-23 14:37:07
zzari-83, Jyrgal_msk, Nibiru., Asyl10, Nurmatova., Asyl10, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан