Бүгүн, 23-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча соттук отуруму уланууда. Учурда күбөлөр Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри болуп турганда борбордук базардын жанындагы 37 сотых жерге соода түйүнүн курууга уруксат берилиши боюнча көрсөтмө берип жатышат.
Шаардык кеңеште 8 жыл депутат болуп, аталган жерге соода түйүнүн курууга уруксат бергендердин бири Тынайбек Сансызбаев алгач көрсөтмөсүн кыргыз тилинде берүүгө аракет кылды. Бирок мамлекеттик айыптоочулар анын кыргыз тилинде көрсөтмө берүүсүнө каршы чыгышты. "Кыргыз тилинде эмес, орус тилинде гана көрсөтмө бериңиз", - дешти прокурорлор. Мындан улам Сансызбаев көрсөтмөсүн орус тилинде берди.
Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.
Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.
Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.