Кыргыз мушкерлер эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Кечээ, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 10. Улуу Жибек жолунун аскерлери" аттуу эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Чемпиондук кур үчүн беттеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз мушкери Актилек Жумабек уулу 2-жолу чемпиондук курун коргой алды.

Анда Актилек Жумабек уулу орусиялык мушкер Магомедрасул Магомаев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз мушкери кооптуу чабуулдарды жасап, 1 мүнөт 20 секунд убакытта атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Айта кетсек, Актилек Жумабек уулу WEF чемпиондугунун курун 2014-жылы WEF 1 мелдешинде жеңип алган. Анда Кыргыз мушкери америкалык Шах Бобонис менен кез келип жеңишке жеткен. Алгачкы титулду коргоо беттешинде Актилек Жумабек уулу 2016-жылы WEF-6 мелдешинин алкагында тажикстандык Фаридун Вадиловду жеңип алган.

93 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз мушкери Кылычбек Саркарбаев америкалык Алии Мухаммед менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Кыргыз мушкери бир нече сокку узатты жана 2-раундда атаандашын тизеси менен тээп нокдаунга кетирди. Бирок Алии Мухаммед эреже бузулду деп нааразычылык билдирди. Муну менен беттеш бир нече мүнөткө токтоп, анан кайрадан уланды. 2-раунддун аягында америкалык мушкер Саркарбаевди жыгып, анын үстүнө чыгып бир нече сокку узаткандан улам калыс беттешти токтотуп Кыргыз мушкерге техникалык жеңилүү ыйгарды.

Муну менен америкалык мушкер Дүйнөлүк кулатуу федерациясы WEF'тин чемпиондук курун багындырды.

"WEF Global 10. Улуу Жибек жолунун аскерлери" мелдешинин жыйынтыктары:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Саидхамзат Ханукаев (Орусия) калыстардын чечими менен өзбекстандык Умиджон Сагдулаевди жеңип алды.

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Муса Юсупов (Кыргыз өлкөсү) калыстардын чечими менен Айбек Шумкарбековду (Кыргыз өлкөсү) жеңип алды.

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

Акбар Гажиэкперов (Орусия) 2-раунддун 18-секундунда Паата Робакидзени (Украина) техникалык нокаут менен жеңип алды.

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Шамил Цакоев (Орусия) 2-раунддун 2.09 мүнөтүндө кыргыз Нурбек Жаныбаевди муунтуп жеңишке жетти.

Рамазан Никарамазанов (Кыргыз өлкөсү) калыстардын чечими менен өзбекстандык Миртолиб Ходжаевди жеңди.

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ринат Саякбаев (Кыргыз өлкөсү) өзбекстандык Машрабжое Рузобиевди муунтуп жеңишке жетти.

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Абдулгаджи Газиев (Кыргыз өлкөсү) калыстардын чечими менен Абугофор Бобоевди (Өзбекстан) жеңди.

Алтынбек Мамашев (Кыргыз өлкөсү) 4 мүнөт 22 секунд убакытта Исломбек Комолдиновду (Өзбекстан) муунтуп жеңишке жетти.

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мырзамидин Пазылов (Кыргыз өлкөсү) Рустам Сайдулаевди (Казакстан) муунтуп жеңишке жетти.

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

Эрболот Өмүрзаков (Кыргыз өлкөсү) менен Нурсултан Розибоевдин (Өзбекстан) беттеши тең эсепте жыйынтыкталды.

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азамат Баходурзоданы (Өзбекстан) 36-секундда Нурлан Токтобакиев (Кыргыз өлкөсү) муунтуп жеңип алды.

Чемпиондук кур үчүн беттештер:

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Актилек Жумабек уулу (Кыргыз өлкөсү) 1 мүнөт 20 секунддун ичинде Магомедрасул Магомаевди (Орусия) техникалык нокаут менен жеңип алды.

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Алии Мухаммед (АКШ) 2-раундда техникалык нокаут менен Кылычбек Саркарбаевди (Кыргыз өлкөсү) жеңди.

93 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Константин Андрейцев (Орусия) техникалык нокаут менен 2 мүнөт 47 секундда Мурод Хантураевди (Өзбекстан) жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sabway
2017-11-23 18:56:32
Утулуп калды Н.Токтобакиев
0
Nazaralikarakulja
2017-11-24 00:38:15
Алгаа Кыргызстан молодец ийгилик жакшы бой коргоздунор намысты коргоп
0
Barsk
2017-11-24 17:30:37
Kyly4 jenet bol4u stoykadan parterde jakwy emes
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан