Милиция алдамчылыкка шектелген жарандан жабыркагандар болсо байланышууну сурайт

Ушул жылдын июль айында Биринчи Май РИИБине Н.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бакыт Камчыбеков аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бакыт Камчыбеков аттуу адам арыз ээсинин ишенимине кирип, анын форд үлгүсүндөгү автоунаасын 80 миң сомго бөлүп төлөө келишими менен сатып алган. Андан кийин шектүү форддун ээсине акчаны бербей туруп, башка бирөөгө унааны сатып жиберген. Алдамчылыкка шектелген 1976-жылкы Бакыт Камчыбековго милиция издөө салып, колго түшүргөн. Анын мурда соттолгондугу аныкталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Ал ушул сыяктуу башка дагы алдамчылык иштерине шектелүүдө. Укук коргоо кызматкерлери жогорудагы жарандан жабыр тартып калгандар болсо, 0550 77 88 78; 0701 51 16 88 телефон номерлерине байланышууну сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
islamik
2017-11-24 11:34:53
Эмнеге талкуулардын баары жабык.
0
Rifle_I
2017-11-24 13:55:52
Саясат темасына жабык. Саясатка сүйлөшүү темаңыз болсо , башка сайттарда кенен жазышса болот.
0
wwwbaxa
2017-11-24 11:52:32
Ушуга окшогон болбогон 80мин учун камайт а,80миллион алдагандар жыргайт
-2
medet1983
2017-11-24 12:34:26
wwwbaxa,80мин эмес 80тыйынга алдаса да камаш керек жуликтерди не 80мин акча эмес бекен
+1
wwwbaxa
2017-11-24 11:53:59
Даже аты аталбайт андайлардын"совершенно секретно"мам сыр бойдон калат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан