Талас облусунун Манас районунда жарандык никеде жашаган аялын өлтүргөн деп шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмыш 2016-жылы январь айында жасалган. Ал эми маркумдун сөөгү 2017-жылы 17-октябрда табылган. Манас районундагы айылдардын биринде мал сарайдын жанында курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар жерге көмүлгөн белгисиз аялдын сөөгүн табышкан.
Кийин белгилүү болгондой, табылган сөөк 1971-жылы төрөлгөн Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну А.Эльмирага таандык болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында анын өлүмүнө шектелип, ошол мал сарайда мал багып 1 жылдан бери маркум менен чогуу жарандык никеде жашаган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 34 жаштагы У.Б. кармалган.
"Шектүү жана маркум аял 2015-жылы ноябрь айында ошол мал сарайга жалданып мал багуу үчүн барышкан. Кылмыш 2016-жылы январь айында болгон. Ал күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, шектүү аны күрөк менен сабап өлтүрүп алган. Кийин мал сарайдын жанынан жерди казып көмүп салган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары сөөгү табылган А.Эльмира 2016-жылдан бери дайынсыз болуп туугандары издеп жүрүшкөнүн, шектүү соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилгени айтылат.