Кылмышка шектүү катары кармалган жаранды ур-тепкиге алган аймактык тескөөчүлөр камакка алынды

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаардык соту Башкы прокуратуранын кассациялык арызын канааттандырып, Т.Э., Т.Э. жана М.С. аттуу үч милиционерди УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин маалым болгондой, 7-сентябрда жогоруда саналган аймактык үч инспектор Аламүдүн районундагы "Таш-Дөбө" милиция бөлүмчөсүнө К.Э. аттуу жарандын арызынын негизинде Н.Э. аттуу жаранды кылмышка шектүү катары кармап келишкен. Бирок арыз 8-сентябрда катталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кармалган адам үч милиционер тарабынан сабалганы белгилүү болгон.

Мындан улам милиция кызматкерлерине фактынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылып, тергөөдөн кийин Биринчи Май райондук сотуна камакка алуу өтүнүчү келтирилген. Бирок сот аларды үй камагына чыгарып койгон.

Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы экенин билдирип шаардык сотко кайрылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2017-11-24 19:12:37
Бааари бир Карганын козун Карга чукубайт
+4
Nurmat92
2017-11-24 19:35:00
gute, негизи закон иштесе карга карганын көзүн эмес башка жерин деле чукуйт. Башка мамлекеттерде чукуп эле атышат. Аа бизде закон десе беш бармакты элестетишет
+1
islamik
2017-11-24 19:16:03
Болбосо учоону коюп бергиле ал да уруп алсын
+6
Zidan1
2017-11-24 21:06:09
Менин кесибим бирок окуганыма окуном
Милициянын кобу адамдык сапатты жок пайдасынан зыяны коптой шакалдардын
+1
aibars
2017-11-24 22:02:16
Zidan1, Сен башкача бол, эгер майзамдуу жашасан каргаларга эч убакта аралашпа.
+3
Tyty1990
2017-11-24 22:32:22
Эй красавица туда не ходи !
-2
dobrajelatel
2017-11-24 23:08:30
Копчулук учурда милиция кызматкерлери уруп, кээ бир учурда олумго чейин жеткирген фактылар болгон. Ур-токмокко алып деп арыз жазыша бербейт.Ошон учун да комускодо уланып келуудо.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан