Токмокто жаңы төрөлгөн ымыркайды таштагандар табыла элек

Токмок шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен адамдар табыла элек. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесине ылайык ("Кишини коркунуч абалында калтыруу") кылмыш иши козголду. Учурда шаардагы чиркөөгө жакын жерге ташталган европа түспөлүндөгү жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесин издөө иштери уланып жатат. Табылган кыз азыркы тапта Токмок шаардык балдар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, ымыркай 22-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Шаардагы Охотничья көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркайды көргөн жергиликтүү тургундар милицияга кабар беришкен. Табылган ымыркай кыздын салмагы 3 килограмм 400 грамм болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2017-11-25 11:07:48
Журогум оорум чыкты((( Башка эч нерсе айта албайм
+2
Kroxa
2017-11-26 18:28:51
Кыз болсо багып алайын мага бергилееечи...
0
Totyua.71.
2017-11-26 18:32:25
Бироого кор,бироого зар бала!!!!!
0
mekajan92
2017-11-26 21:09:54
багалбай жокчулуктун айынан ушундайга барышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан