Бүгүн, 25-ноябрь күнү Бишкек шаарында дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу дзюдо федерациясынан билдиришти.
Мелдеш Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алууда. Анда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 303 спортчу келип медалдар үчүн күч сынашууда. Алардын ичинде 232 эркек жана 71 кыз-келин. Жалпы мелдеште 14 медалдар топтому ойнотулууда.