SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Курут" тасмасы менен толукталды. Фильмдин режиссёрлору Эрмек Таалайбеков, Бектур Тургунов продюсери Санжар Мыкыев. Ролдордо - Эрмек Таалайбеков, Мээрим Атантаева, Бакыт Мукул жана башкалар.
Бул тасмада азыркы учурдагы жаштардын жүрүм-туруму, ой-жүгүртүүсү жана көз караштары чагылдырылган. Илимий фантастикалык комедиядан ар бир адам өзүнө тиешелүү сапаттарды көрө алат. Тасманын өзөгүн Азамат аттуу башкы каармандын айланасында болгон окуялар түзөт. Өзүнүн оор мүнөзүнүн айынан сүйүктүүсүн таарынтып, жоро-жолдошторунан артта калып, эч кандай ийгиликке жетпеген Азаматтын жашоосун бейтааныш айдоочу берген курут өзгөртөт. Куруттун өзгөчө касиети башкы каармандын ийгиликке жетишине себеп болот. Бирок ийгиликке, байлыкка жеткен Азамат кайрадан туура жолдон адаша баштайт.
Фильмдин режиссёру Эрмек Таалайбековдун айтымында, тасма тартып жаткан учурда көптөгөн кыйынчылыктар жаралган. Ал билдиргендей, тасманы тартууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгү чоң болгон.
"Фильмдин бюджети 47 миң долларды түзөт. Ал 6 айдын ичинде тартылды. Тасмада башкы ролдорду өлкөбүздүн Эл артисттери жана КВНчилер жаратышты. "Курут" катардагы жөнөкөй тасмалардан эмес. Бул фильмдин негизги идеясы - адамга дем-күч берүү жана анын жашоого болгон көз карашын өзгөртүү", - деди режиссёр.
"Курут" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.