Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Чапаев айылындагы футбол талаасында чыккан жаңжалдын аягы кабыргага сайылган бычак менен аяктады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-ноябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Жергиликтүү тургундар айылдагы стадиондо футбол ойноп жатып, эки баланын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ал жаңжалдын натыйжасында 23 жаштагы Х.А. аттуу жаран аны менен бир командада ойноп жаткан 20 жаштагы Б. уулу А. аттуу жаранды бычак менен сайып салган. Ал милиция кызматкерлерине бычак менен атайын сайбагандыгын, алардын жаңжалынан тегерегине көп адам чогулганда аны сабап салышабы деп коркуп кетип сайып алгандыгын айткан. Аталган бычакты Х.А. талаадан таап алыптыр. Бычак кичинекей болгондуктан жабырлануучу катуу жаракат алган эмес. Эки жаран тең арыз жазуудан баш тарткан. Мындан улам кылмыш иши козголгон эмес", - деп билдирди.