Бишкекте өтүп жаткан оор атлетика боюнча эл аралык мелдешинен фоторепортаж

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Анда Кыргыз Республикасынын аймактарынан, Казакстандан, Тажикстандан келген атлеттер байгелүү орундар үчүн күрөшүүдө.

Мелдештин башкы калысы Рустам Ниязалиевдин айтуусу боюнча мелдеш олимпиаданын чемпиону, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европа жана СССРдин 2 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган.

"Бул мелдеш жыл сайын өткөрүлөт, быйыл 30-жолу өтүүдө. Мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн, Казакстандан жана Тажикстандан жалпы 121 спортчу катышууда. Бүгүн 69, 77 жана 85 килограммга чейинки салмак категориядагы спортчулар таймашууда. Мелдешке 1-даражадагы спортчулар катышып алдынкы орундарды ээлегенге аракеттенүүдө", - дейт башкы калыс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан