Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде өткөн дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун алгачкы чемпиондору аныкталды.
Аталган мелдешке жалпы 303 спортчу катышууда, анда спортчулар өлкөнүн аймактарынан келип, 14 медалдар топтому үчүн күч сынашууда.
Бүгүн мелдештин алгачкы күнү эркектер 3 салмак категорияда (60, 66, 73 килограммга чейинки салмак категориялары), ал эми кыздар 4 салмак категорияда (48, 52, 57 жана 63 килограммга чейинки салмак категориялары) күрөшүп, алгачкы чемпиондор аныкталды.
Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугунун эркектер арасындагы жеңүүчүлөрү:
60 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Бекбоо Апышов;
2-орун: Керим Амангелди уулу;
3-орун: Баяман Сагынбай уулу жана Белек Бараканов.
66 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Артур Те;
2-орун: Алмаз Алтынбек уулу;
3-орун: Эртур Турдубаев жана Айдин Мухтаров.
73 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Ишен Аманов;
2-орун: Бектур Рысмамбетов;
3-орун: Нурсултан Абдухаликов жана Бексултан Султанов.
Кыздар арасында:
48 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Жибек Сапарбекова;
2-орун: Ажар Исаева;
3-орун: Нурганат Бекматова жана Айжан Айтпозова.
52 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Назима Амантурова;
2-орун: Бегай Бейшеналы кызы;
3-орун: Алмагул Токтобаева жана Айдана Мамытканова.
57 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Ксения Бельдягина;
2-орун: Алия Акунова;
3-орун: Диана Хан жана Тансулуу Муратбекова;
63 килограммга чейинки салмак категорияда:
1-орун: Мээрим Момунова;
2-орун: Асел Мусабекова;
3-орун: Зирегүл Кадырова жана Гүлсирен Эмилбек кызы.